Эксперт: Шайлоонун босого чеги 9% деңгээлде калышы керек

Шайлоолор алдында саясатчылар босого чегин 5% же 3% чейин ылдыйлатуу жөнүндө талкуулай башташты. Бирок, мындай өзгөртүүлөр баардык мамлекеттик башкаруу системасы үчүн тобокелдикти жаратат. Эмне үчүн 9% босого чегин Жогорку Кеңешке шайлоолордо бир жолу сынап көрүүгө болбосун, дейт саясый жана юридикалык илимдердин доктору Азиз Канатбек.

-Мен БШКга мүчөлүк кылып турган кезде, шайлоону уюштуруучлардын да жана шайлоого катышуу үчүн документтерди тапшыруучулардын позициясында да болуп көрдүм. Бирок, мен азыр бул маселелерди изилдеген илимпоз катары, 9 пайыздык босого чегин колдой турганымды билдиргим келет. Биз өзүбүздү парламенттик республика катары атап жүрөбүз, эч дегенде ошондой болууга аракет кылуудабыз. Мындай формада эң башкысы – бул партиялык куруу. Биздин өлкөдө парламент президенттен жана жана аткаруу бийлигинен айырмаланып, күчтүү жана башкы болуусу керек. Азырынча бизде көптөгөн кичине партияларды түзүү тажрыйбасы гана бар жана биз бул системанын минусу катары - туруксуз өкмөт түзүлүп калаарын гана билебиз. Өкмөттү түзүүдө көпчүлүктүн коалициясына кирген фракцияларга баары-бир бири-биринин шартын эске алууга туура келүүдө. Эгер шайлоонун жогорку босого чегин калтырсак, шайлоодо бир гана партия жеңип, 65 орунду алышы мүмкүн, бирок, бул парламентте күчтүү оппозиция болбойт дегенди билдирбейт, себеби партияларда биригүү мүмкүндүгү бар, - дейт Азиз Канатбек.

Ал мисал катары парламентке өтүш үчүн партияларга 10% кем эмес добуш алуусу керек болгон Турцияны келтирди. Бул кичине оппозициялык партияларды биригип же шайлоого альянс болуп барууга мажбурлайт. Жыйынтыгында мындай модель депутаттык корпустун сапатын жогорулатат.

-Эгер шайлоочулардын кызыкчылыгы тууралуу айтсак, алар үчүн мындай системада жеңил болот. Алар кийинки беш жылда саясат жүргүзө турган партияга ишенимдүү түрдө добуш беришет, - деп сөзүн улантты Азиз Канатбек.

Ал босого пайызын ылдыйлатуу жөнүндө активдүү сүйлөп жаткан бүгүнкү саясатчылар келерки шайлоодо өз кызыкчылыгын гана көздөп жатышат деген ишеничте.

-Бул керт башынын пайдасын көздөгөндүктү билдирип турат. Лидерлерге өз партиясынын парламентке өткөнү керек жана шайлоо босогосу канчалык ылдый болсо, аларга муну ишке ашыруу ошончолук жеңил. Босого чеги 2% болсо да, алар макул, - дейт Азиз Канатбек.

Ал белгилегендей, шайлоонун босого чеги ылдый болгондо, парламентке өз райондорунда ийгиликтүү иштеп, бирок республиканын масштабында эч нерсе колунан келбеген регионалдык же райондук кичине партиялар өтүп калуу коркунучу бар.

-Республиканын деңгээлинде 9% болгону туура, эч дегенде бүгүнкү күндө. Эгер биз күчтүү парламенти жана номиналдык президенти бар парламенттик өлкө болууга умтулсак – жогору босого чегин орнотуу керек. Бул менин илимпоз жана шайлоону уюштуруу менен алектенген адам катары позициям, - деп сөзүн аяктады Азиз Канатбек.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште шайлоонун босого чегин 9 пайыздан 5% ылдыйлатуу мыйзам долбоорунун демилгеси көтөрүлгөн. Түзөтүүнүн тарапташтары азыркы босого чегин калтырсак Жогорку Кеңешке акча каражаттары көп партиялар гана өтөт жана өлкө байлардын курамындагы чакырылышка туш келет деп эсептешүүдө. Бирок, бул теория гана болууда. Практикада 9 пайыздык босого чеги бир да жолу шайлоодо колдонула элек. 2015-жылдагы шайлоодо 7% босого чеги коюлуп, андан 6 партия өткөн болчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД