Стамбулдагы мурдагы Башкы консулдун ишмердүүлүгү текшерилет

Турциянын Стамбул шаарында уйгур тектүү КЭР жараны Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшүнө байланышакан чырдан кийин кызматынан алынган мурдагы Башкы консул Эркин Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча комиссия түзүлөт. ТИМдин демилгеси боюнча ведомство аралык жумушчу тобу түзүлүп, анын курамына Башкы прокуратура, УКМК жана ТИМдин өкулдөрү кирди. Алар Стамбулга учуп барып, мурдагы Башкы консул Эркин Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшеришет. Бул тууралуу ТИМ маалыматтык Департаментинен маалымдашты.

Эске салсак, Стамбулда 10-ноябрда кытай жараны Айеркен Саймаитиге ок атылып, ал оорукананда каза болгон. Анын ысымы "Азаттыктын" үстүбүздөгү жылдын май айынын соңунда жарыялаган "Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи" аттуу иликтөөсүндө аталган.

Окуя болгон жерден дипломатиялык номери менен "Range Rover" үлгүсүндөгү автоунааны көрүшүп, ал эми ачкычын каза болгон жарандын чөнтөгүнөн табышкан. Кийин белгилүү болгондой, автоунаа Стамбулдагы Башкы консул Эркин Сопоковго тиешелүү экендиги аныкталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД