"Чек ара" КУ түзүүчүлөрүнүн Икрамжан Илмиянов менен кандай байланышы бар?

Бүгүн, 13-ноябрда Бишкектеги маалымат жыйынында жарандык активисттер "Чек ара" Коомдук уюмунун түзүлгөндүгү жөнүндө билдиришти. Бул уюмдун мүчөлөрүнүн бири сүйлөп жатып, мурда алар бири-бирин жакшы билген эмес, бирок, жалпы максат – мамлекеттик чек араны, атап айтканда Кыргызстандын Тажикстанга чектеш райондорунун жашоочуларын жана жерлерин коргоо үчүн биригишкендигин белгиледи.

Дагы бир кызыга турган жагдай, бул уюмдун төрагасы – Баткен облусунун Лейлек районундагы Катран айылдык кеңешинин төрагасы Сапаралы Бөрүбаев, ал эми анын орун басары – Кулунду айылдык кеңешинин депутаты Шайырбек Орозалиев болгондугунда. Бул экөө тең жакында ММК маалыматтары боюнча, КР Жазык кодексинин 313-беренеси боюнча (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу

1. Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттер, ошого тете жарандардын дини, улуту же расалык таандыктыгы боюнча бөтөнчөлүгүн, артыкчылыгын же начардыгын пропагандалоо, ачык же жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу, ошондой эле Интернет тарамдарынын жардамы менен жасоо) козголгон кылмыш ишине байланыштуу, сотко чейинки өндүрүш иши боюнча милицияда 8 саат суракта болгондугу белгилүү болгон.

Бирок алар чындыгында күбө катары чакырылышкан, себеби, Бөрүбаев кыргыз-тажик чек арасындагы атышууга чейин эки күн мурда, соцтармактарда, белгиленбеген жер тилкесинде тажик тарап курулуш иштерин баштагандыктан, Баткен облусу анклавга айланып кала тургандыгын билдирген. Укук коргоо органдары мындай билдирүүнүн чагымчылдык катары баалаган.

Бул жерде, эмне үчүн мамлекеттик айрым укуктарга ээ болгон депутат, ошондон кийин "Чек ара" Коомдук уюмун түзүп, жарандык ишмердик менен алектенгиси келген? - деген жүйөлүү суроо туулат.

Эске салсак, Сапаралы Бөрүбаев 2012-жылы Лейлек районунун Катран айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан "Апрельское" кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан "AZ-International" компаниясынын ишмердүүлүгүнө каршы уюштурулган акциянын активдүү катышуучусу болгон. Анда жергиликтүү тургундардын тобу инвестордун мүлкүн талкалап, өрттөп жана ММК маалыматтары боюнча, геологиялык чалгындоо иштерин токтотууну талап кылуу менен, эки күн бою бул компаниянын кызматкерин барымтада кармаган.

Бирок, айрым маалыматтар боюча, депутатка жана анын "тарапташтарына" кылмыш жообуна тартылуудан, "жогорку кызматта турган" жердеши – Икрамжан Илмияновдун колдоосу аркылуу кутулуп кетүүгө мүмкүн болгон. Бүгүн Бөрүбаев мындай маалыматты четке кагууда.

-Кылмыш иши мага жана менин досторума карата козголгон, бирок, далилдин жоктугуна байланыштуу токтотулган. Анткени биз эл таза суу ичсин деген максатта, экологиялык талаптарды гана койгонбуз. Бийликтин өкүлдөрү (ошол эле Илмиянов – ред.) менен эч кандай сүйлөшүүлөр болгон эмес жана алар тараптан да жардам көрсөтүлгөн эмес. Болгону Аллахтын жана мыйзамдын жардамы менен, суу таза болсун деген элдин талабын калтырышты. Анткени биз Козы-Баглан дарыясынын баш жагында жашайбыз, ал эми бул дарыя Өзбекстанга жана Тажикстанга карай агат. Ошондуктан биз суунун тазалыгын коргоо менен, үч миллиондой адамдын ден соолугун сактайбыз, - деп VB.KG редакциясына Сапаралы Бөрүбаев билдирди.

Ал эми "Чек ара" Коомдук уюму боюнча, ал бул уюмдун чагымчылдыкка барууга эч бир ниети жок деп ишендирди.

-Биз ар дайым тажик эли менен достукта жашап келгенбиз, Аллах буюрса, мындан ары да жакшы коңшу катары жашай беребиз. Биздин уюм чыр-чатактын чыгышын алдын алуу жана чек ара маселелеринин ачык чечилиши үчүн иш жүргүзөт. Мына ошондо эки өлкөнүн элинин ортосунда жаңжал чыкпайт. Чек ара маселесин эч бир ок атышуусу жок эле чечүү мүмкүн экендиги тууралуу эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек, - деп сөзүн жыйынтыктады депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД