Баткен жана Лейлек райондорунун бир бөлүгүн жоготуп алуу коркунучу бар

Бийликтин жоопкерчиликти сезбегендигинен жана чечкинсиздигинен чек арага чектеш райондордо улам-улам чыр-чатактар чыгууда. Мындай көйгөйдүн өз убагында чечилбей жаткандыгы коңшу өлкөлөр үчүн ыңгайлуу шарт түзүүдө. Коңшулар бизге айтып отурбай эле чек ара көйгөйүн бир тараптуу, өз пайдасына чечип жатышат! Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда өткөрүлгөн пресс-конференцияда "Чек ара" Коомдук уюмунун өкүлдөрү билдиришти.

Бул уюм, анын мүчөлөрү белгилегендей, мамлекеттин жерлерин коргоо үчүн жакында эле уюшулган. Алар мыйзам чегинде иштөөгө жана чек арага чектеш жайгашкан райондордун жашоочуларынын ортосунда диалогду өнүктүрүү үчүн чек ара кызматына жардам көрсөтүүгө убада беришкен.

-Кыргызстан менен Тажикстан ОДКБнын мүчөсү болуп саналат, бирок, ошого карабстан Тажикстан тарабынан агрессиялык фактылар болуп жаткандыгын белгилейбиз. Сентябрь айында алардын биздин жерибизге кирип келип жана гранатометту колдонуусу – согуш актысы катары эсептелет. Биз аларды "жаман тынчтык чоң согуштан жакшы" деген сөздөрдү эскерүүгө чакырабыз.

-Биз Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмонго кайрылып, өз жарандарынын мыйзамсыз актыларга баруусуна жол бербөөсү керектигин айтмакчыбыз. Биздин мамлекет башчыбыз да, ички саясий интригаларга карабастан, чер ара маселесин тез арада чечиши керек. Коррупция менен күрөшүү тандалма жүргүзүлүп жатса да, бул жакшы көрүнүш дейли, бирок, жоготулган акчаларды кайрып алганыбыз менен, жоготулган жерлерибизди кайтарып ала албай калабыз. Бул бүгүнкү күндүн башкы көйгөйү болуп саналат. Биздин баардык саясатчыларыбызды мындан ары чек ара боюнча эч кандай протоколдорго кол койбоого чакырабыз, - деп белгиледи Коомдук уюмдун мүчөсү Гүлжигит Исаков.

Сөз сүйлөгөндөр ошондой эле мамлекеттик чек араларды демаркация жана делимитация жасоо боюнча өкмөттүк комиссиянын курамы кайрадан каралып, ага улуттук кызыкчылыкты коргоочуларды, мекенчилерди жана эксперттерди киргизүү керектигин билдиришти.

-Эгер кыска убакыттын ичинде Баткен облусундагы чек ара маселелери чечилбесе, Кыргызстанда Баткен жана Лейлек райондорунун 3 айылын биротоло жоготуп алуу коркунучу бар. Бул кыргыз жерлерин Тажикстандагы Жергетал районунун тагдырына туш келип калуу коркунучуна алып келет, - деп чочулап жатышканын "Чек ара" Коомдук уюмунун мүчөлөрү билдиришти.

Активист Асхат Осмоновдун айтымында, бир райондун тургундары тарабынан 50 үй Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматынын уруксаты жок эле тажикстандык кошуналарга сатылып кеткен.

-Бул үйлөр юридикалык жактан биздин каттоодо болгону менен, факт түрүндө эми тажиктер тарапка өтүп кетти, - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД