Патрулдук милиция кызматкерлери жолдо адашкан окуучуга жардам беришти

Үчүнчү класстын окуучусу жаңы мектепке биринчи жолу келгенден кийин, үйүнө карай жолду таппай адашып калган. Патрулдук милиция кызматкерлери окуучу балага ата-энесине кайтып келүүгө жардам беришти.

-Кече күнү кечинде, саат 18:00 чамасында патрулдук милиция кызматкерлери Свердлов районундагы нөөмөт учурунда аларды көздөй, колун булгалап келе жаткан баланы байкашкан. Милиция кызматкерлери автоунааны дароо токтотушканында, ал жолдо адашып калганын, патрулдук машинаны көрөөрү менен милиция экендигин түшүнүп, жардам суроо үчүн кайрылганын айтып берген, - деп Бишкек шаардык ИИББ билдирди.

Патрулдук экипаж окуучу баланы Бишкек ШИИББ алып келгенинде, 2010-жылы туулган К.А. 3-класстын окуучусу экендиги аныкталган. Мурда ал башка мектепте окугандыктан, жаңы мектепке биринчи жолу келип, үйүнө карай жолду таппай калган. Милиция кызматкерлери окуучу баланы дареги боюнча үйүнө жеткирип, аман-эсен ата-энесинин колуна тапшырышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД