Турат Акимов: Саясатчынын сайраганына көңүл буруп кереги жок

Өмүрбек Текебаев бүгүн элдин кызыкчылыгын коргоочунун ролун ойноп, парламентти жашартып жана ага белгилүү адамдарды алып келүүгө аракет кылууда. Бирок, 10 жылдан бери биз анын чыгармачылыгын аныктаган натыйжасын байкап келе жатабыз. Мына ушундай пикирин VB.KG редакциясына коомдук ишмер, "Кыймыл – 93" кыймылынын лидерлеринин бири Турат Акимов билдирди.

Анын айтымында, бул саясатчынын сайраганына көңүл буруп кереги жок, аны реалдуу жасаган иштерине карап баалаган оң.

-Текебаев парламентке өтүү үчүн пайыздык босого чегин ылдыйлатуу керек деп эсептейт. Бул парламентке жаштардын келишине жол ачат дейт. Анын бул айткан сөздөрүнүн баардыгы сандырактыкка жатат. Ал шайлоодо мурдагыдай эле акча каражаттары чечээрин жакшы билет. Эч кандай демократтык институттар бул шайлоолордо жардам бере албайт, анткени алардын баары саясий коррупцияга малынган. Бир сөз менен айтканда, шайлоодо баардыгын административдик ресурс менен акча чечет. Ошондуктан тажрыйбалуу саясатчы катары, мүмкүн ал өзү катышпастыр, бирок анын айлансындагылардын бирөөлөрүнө парламентке өтүүсүнө шарт түзүп берет. Текебаев мурда парламентке эпетеп-септеп өтүп келсе, эми такыр мүмкүндүгү жок экендигин жакшы түшүнүп турат, - деди Акимов.

Башкы "Атамекенчилдин" реалдуу иштери тууралуу, анын Конституцияны кантип кыймалап жазгандыгынан эле билсе болот, деп белгиледи эксперт.

-Бул мамлекеттик деңгээлде конституциялык төңкөрүш болгон. Ага Конституцияны алмаштыруу укугун эч ким берген эмес. Бийликтин жоктугунан пайдаланып жалган атакка жамынганТекебаев башка жалган атакка жамынгандардын атына жамынып алып Конституцияны кескилеп салган, буга чейин ал эч бир түшүнүгү жок диний кызматкерлерди чогултуп алып Конституциялык кеңешме деген органды түзгөн. Ушуну менен бирге Конституциялык кеңешме – бул ишмердиги эч бир жерде көрсөтүлбөгөн орган болгон. Ошондуктан ал мыйзамсыз, укугу жок, жөн гана кеңешмелик орган, ал эми өзү мамлекеттик органдарды алмаштырган укукка ээ болуп алган. Бизде мына ушундай жол менен конституциялык түшүнүктү алмаштыруу жүргүзүлгөн. Бул баардык жалган атакты жамынгандар эртеби кечпи мыйзам алдында жооп бериши керек. Азыр бийликте турган бул адамдар, ушул Конституциянын арты менен бийликке келишкен. Ошондуктан Текебаевди эч бир жоопко тартышпайт, бирок, мен Пашинянга, Зеленскийге же монголдордун жаңы президентине окшогон жаңы күчтөр келет, мына ошондо бул банданын баары конституциялык төңкөрүш жасагандыгы үчүн жооп беришет деп ишенем, - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев шайлоодо парламентке өтүү боюнча 9 пайыздык босого чегин 3% ылдыйлатуу талабын айта баштады. Саясатчынын пикири боюнча, мындай абалда Жогорку Кеңешке жаңы жана жаш күчтөр өтүү мүмкүндүгүн алмакчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД