Айеркен Саимаитинин өлүмүнө шектелип 3 адам кармалды

Кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө шектелип 3 адам кармалды. Алар Түркиянын аймагынан чыгып, Сирияга кетүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу түркиялык жалпыга маалымдоо каражаттары билдирди.

Алардын баары чет өлкөлүк жарандар, анын экөө кыргызстандык, бирөө сириялык экендиги белгиленген. Кармалгандар Стамбул шаарына жеткирилген.

Эске салсак, 10-ноябрда Стамбул шаарында белгисиз бирөөлөр тарабынан уйгур тектүү КЭР жараны Айеркен Саймаитиге ок атылган. Анын кесепетинен жаракат алган Саймаити ооруканада каза болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД