УКМК Саймаити өлтүрүлгөн жерде дипномердин табылышын иликтөөгө тийиш

УКМК Стабмулда Айеркен Саймаити өлтүрүлгөн жерде республиканын дипломатиялык номердин табылышын иликтөөгө тийиш. Бул тууралуу пикирин VB.KG редакциясына УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамытканов билдирди.

Сөз Стамбулдагы кафенин жанында ири өлчөмдөгү акча каражаттары боюнча алдамчылыкка шектелген ишкер өлтүрүлгөн жерде, Кыргызстандын дипламаттык номери бар "Range Rover" үлгүсүндөгү автоунаанын табылышы жөнүндө жүрүп жатат. Турциялык ММК жазгандай, бул номерлер жасалма болгон. Кыргызстандын ТИМ бул маалыматты текшерип чыгуу убадасын берген, бирок, тышкы иштер мекемеси бул иш боюнча түшүндүрмө бере элек.

- Эмне үчүн Кыргыз Республикасынын дипломаттык номери КЭР жаранынын Турцияда өлтүрүлүшүндө чыгып жатат, бул маселе боюнча мамлекеттик деңгээлде териштирүү жүргүзүү зарыл. Бул эл аралык чатактын чыгышына алып келет. Бул маселе боюнча олуттуу суроолор Турция гана эмес, Кытай тараптан да болушу мүмкүн. Кийинки жолу Кыргызстандын дипкызматтык номери теракт болгон жерде чыгып калса эмне болоорун көз алдыңарга келтирип көргүлөчү? Мындай суроо менен УКМК олуттуу түрдө алектениши керек. Бул окуяга байланышкан баардык жооптуу кызматкерлерди, алардын ээлеген кызматына жана мамлекетке сиңирген эмгегине карабастан жоопкерчиликке тартуу керек, - деген ишеничте Максат Мамытканов.

Ал белгилегендей, азыр Турциянын укук коргоо органдары бул ишти иликтөө менен алектенүүдө, бирок, алардын мүмкүнчүлүгү чектелген. Мисалы, алар дипломаттарды суракка ала алышпайт.

-Өздүк иликтөөнү баштап жана турциялык органдарды ишке тартуу зарыл. Биз дагы ушул ишке кызыкдарбыз. Анын үстүнө бул маселе биздин тышкы саясатыбызда гана эмес, ичкисине да тиешелүү. Бул адамды журналисттердин иликтөөсүндө ысымы аталгандан бир нече ай өткөндөн кийин өлтүрүп кетип жатышат, - деди Максат Мамытканов.

Айеркен Саймаитинин Матраимовдор менен байланышы

Активист Мелис Аспеков Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча VB.KG редакциясына түшүндүрмө берип жатып, бул иште жооптон да суроолордун көп болуп жаткандыгын белгиледи.

-Азыр көптөрү Саймаитинин өлтүрүлүшүнүн артында Матраимовдордун адамдары турат деген теорияны чыгарышууда. Мындай имиштер Саймаитинин Матраимовдордун кайрымдуулук фондуна 2 млн доллардын которушуна байланышкан журналисттик иликтөөдөн кийин пайда болгон. Бул ишкерге карата биздин укук коргоо органдарынын да суроолору бар болчу. Анын эмне тууралуу айтып бере тургандыгын ким билмек. Эми адам жок болгондон кийин – маселе да жок калат, - деди Мелис Аспеков.

Анын үстүнө ал белгилегендей, Саймаити өлтүрүлгөн жерде "Range Rover" үлгүсүндөгү автоунаанын табылышы да көп суроолорду жаратат.

-Турциянын укук коргоо органдары бул автоунаанын кайдан пайда болгондугун текшеришет. Бирок, бул автоунаанын баасы кымбат экендиги ансыз деле түшүнүктүү. Жада калса биздин бажы эсеби менен анын баасы 50 миң доллар турат, ал эми Турцияда анын бажыдан өткөрүү баасы автоунаанын баасы менен барабар келгендиктен, 100 миң долларга жакын болсо керек, - деди Аспеков.

Бул иштин дагы бир фигуранты

Бул иштин дагы бир фигурнты болуп Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулу Эркин Сопоков болуп саналат. Бул окуяга ал жасалма номери бар джип автоунаасы аркылуу байланышкан. Анын кандай болуп буга тиешеси бардыгы белгисиз. Бирок, эми бул иш анын өмүр баянынын кызыктуудай деталы болуп калмакчы. Сопоков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жакын адам болгон. Ал келечектеги президент, "Кыргызавтомаш" заводун башкарып турганда, анын айдоочусу болгон.

2000-жылдары Сопоков күч органдарында иштеп жүргөн. 2010-жылы Мамлекеттик салык кызматы төрагасынын орун басары кызматын ээлеген, ал эми 2012-жылы президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болгон. Алмазбек Атамбаевдин президенттик кызмат мөөнөтү аяктаар алдында, анын буйругу менен Эркин Сопоков Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулу болуп дайындалган.

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Эркин Сопоковду ээлеген кызматынан бошотту.

Эске салсак, 10-ноябрда Стамбул шаарында белгисиз бирөөлөр тарабынан уйгур тектүү КЭР жараны Айеркен Саймаитиге ок атылган. Анын кесепетинен жаракат алган Саймаити ооруканада каза болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД