Стамбулдагы Башкы консул Эркин Сопоков кызматынан бошотулду

Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Сопоков Эркин Маматалиевич ээлеген кызматынан бошотулду. Президенттин басма сөз кызматы бүгүн, 12-ноябрда тараткан маалымат боюнча, тиешелүү жарлыкка Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Белгилей кетсек, Түрцияда уйгур тектүү Кытай жараны Айеркен Саймаитини 10-ноябрда кечинде Стамбул шаарындагы мейманкананын багында атып кетишкен. Ал алган жаракатынан ооруканада көз жумган. Анын ысымы Кыргызстандан чыгарылган 700 млн доллар тууралуу журналисттик иликтөөдө айтылган.

Ишкер өлтүрүлгөн жерден 34 CC 2092 консулдук номери тагылган "Range Rover" үлгүсүндөгү автоунаасы табылган. Жалпыга маалымдоо каражаттары аталган унаа Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулуна таандык болушу мүмкүн экенин жазышты. Бирок, Тышкы иштер министрлиги бул маалымат боюнча тактоо бере элек.

Эркин Сопоков 2017-жылдын апрель айынан бери Стамбулдагы консулдукту жетектейт. Ал мурда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциянын директорлук кызматын ээлеген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД