Юрист: Жарандык сектордун активдүүлүгү саясатчыларды алсыздандырып салды

11-ноябрда Бишкекте шайлоо мыйзамдарына түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча талкуулар өткөрүлдү. Бул иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, саясий жана коомдук ишмерлер, анын ичинен Феликс Кулов, Темир Сариев, Өмүрбек Текебаев, Адахан Мадумаров, Ишенбай Кадырбеков, Равшан Жээнбеков, Чолпон Жакупова жана башкалар катышты.

Парламент депутаты Жанар Акаев "Жогорк Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга түзөтүүлөрдү, ага ылайык добуш берүү электрондук түрдө, талапкердин ар бирине өзүнчө, тактап айтканда партиянын тизмеси боюнча добуш берүүнү сунуштады. Ушуну менен бирге буга ылайык партиянын жетекчилери шайлоодон кийин тизмени өзгөртүүгө укугу жок боло тургандыгы белгиленди.

Түзөтүүнүн авторлору, Жанар Акаев, Исхак Масалиев жана Рыскелди Момбеков белгилешкендей, азыркы шайлоо системасы коррупциянын өсүшүнө алып келди. Анын жыйынтыгы боюнча "партия жетечилерине ким көбүрөөк төлөсө" ошол депутат болуп калып жатат.

Тизмедеги талапкердин ар бирине өзүнчө добуш берүүдө партиянын ичинде атаандаштык жана талапердин жоопкерчилиги өнүгөт.

Тегерек столдун катышуучулары ошондой эле шайлоо босогосун ылдыйлатуу зарылдыгын талкуулашты. Экс-премьер-министр Темир Сариев азыркы 9 пайыздык босогону 5% түшүрүүнү сунуштады.

Ошону менен бирге ал түзөтүүлөр тууралуу маалыматтар кеч киргизилип жаткандыгын белгиледи.

Анын бул пикири менен "Адилет укуктук клиникасы" Коомдук фондунун жетекчиси Чолпон Жакупова макул болду. Ал маселе ушундай жаңы өзгөртүүлөрдү кыска убакыттын ичинде ишке ашырууда болуп жаткандыгын билдирди.

-Тизмеде талапкердин ар бирине өзүнчө добуш берүү жана шайлоонун пайыздык босогосун ылдыйлатуу темалары актуалдуу болуп саналат – мен буларга толугу менен "макулмун", бирок, реалдуу көз карашта болгонубуз оң. Бийлик тараптан эч кандай реакциянын жок болуп жаткандыгына караганда, азыркы демилгелердин бири да колдоого алынбайт. Бул демилгени алга жылдыруу үчүн саясатчылар эмне кылышы керек? Биз азыр депутаттардын өздөрү үмүтү үзүлгөн түрү менен отургандыгын көрүп турабыз. Биздин жарандык сектордун өтө активдүү позициясы саясатчыларды алсыздандырып салды. Силер өзүңөр бир нерсе жасай аласыңарбы? Бул силердин наныңар эмеспи, өзүңөр бийлик үчүн күрөшүп жатпайсыңарбы! – деди юрист.

Түзөтүүлөрдүн авторлору кийинки талкуулоого өз демилгелерин кандайча киргизүүнү ниеттенип жаткандыгы боюнча айкын сунуштарды даярдап келүүнү сунушташты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД