ЖЭБ иши: Жактоочу Башкы прокуратурага арызданды

Жактоочу Нурбек Токтакунов башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго ЖЭБди модернизациялоо боюнча кылмыш ишин бурмалоо тууралуу арызы менен кайрылды.

-Бузуу фактыларын көрсөтүп, аны тастыктаган документтерди тиркеп расмий арыз бергем. Алар арызымды каттоого алышты, бирок Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизилдиби, белгисиз, - деди жактоочу.

Юристтин айтымында, документтеги экинчи баракты алмаштырып коюшкан. Анда эксперттер чыгымды эсептеш үчүн иштелип чыккан коэффициенттер камтылган.

-Бирок, бул коэффициенттер менен чыгымдар чыкпай турганы аныкталды. Анда Мамлекеттик курулуш агенттиги документтеги экинчи баракты алмаштырып коюшкан. Алар чыгымга алып келүүчү коэффициенттерди коюп, эксперттерге беришкен, ал эми биринчи баракты ошол эле чыгыш номери жана датасы менен тергөөчүгө беришкен, - деди ал.

Ал ошондой эле бул ЖЭБ боюнча документтерди биринчи эле жолку бурмалоо эмес экендигин эске салды.

-Экспертизада ошондой эле ЖЭБди модернизациялоо эсеби 2016-жыл боюнча бааланган, курулуш ошол жылы жүргүзүлүп жаткан. Бирок ал келишимдин расмий баасына максималдуу түрдө жакындаштырылып берилген. Бул боюнча алар 2013-жылдын баалары менен эсептешкен, анда модернизациянын баасы 3,9 млрд сомго азайтылып калган. Курулуш 2016-жылы башталып жатса, чыгым 2013-жылдын баасы менен эсептелип жатат. Биз буга түшүнүктүү жоопту эч кимден ала албадык, - дейт Нурбек Токтакунов.

Эске салсак, эксперттердин тыянагы боюнча "Бишкек ЖЭБин модернизациялоо" долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энергохолдингдин башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Биримкулов жана мурдагы финансы министри Ольга Лаврова (үй камагына алынган) кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД