Чет өлкөгө жумушка орноштуруу боюнча мыйзамсыз ишкердик аныкталды

Бишкекте чет өлкөгө жумушка орноштуруу боюнча мыйзамсыз ишкердик аныкталды. Бул тууралуу ЭКККМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаардык ЭКККМКна кыргызстандык жаран У.Т. расмий кайрылып, "Pro Style" ЖЧКнын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнүн айынан, Европа өлкөлөрүнө ишке орноштуруу боюнча кызмат көрсөткөндүгү үчүн 1 миң доллар төлөгөндүгү жана Чехияга келгенде ишсиз, керектүү документтерсиз калгандыгын билдирген.

Бул иш боюнча ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө, "Pro Style" ЖЧКсы Бишкек шаарынын Чүй проспекти 28/1 дарегинде ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткандыгы, Миграция кызматынын маалыматтык-кеңеш берүү борборунун мыйзамдуу жөнөтүүчүлөр реестринде катталбаганы жана компания кыргызстандык жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу укугуна уруксат алган эместиги аныкталган.

Учурда бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД