Чоң жолдордо унаа ылдамдыгын 110 км чейин жогорулатууга уруксат берилди

Кыргызстандын өкмөтү жол шарттары коопсуз кыймылды камсыздаган унаа жолдордо автоунааларга саатына 110 чакырым ылдамдык менен жүрүүгө уруксат берди. Бул тууралуу коомдук ишмер, "Чоң Казат" саясий партиясынын лидери Максат Мамытканов соцтармактагы өз баракчасына жазды.

Анын айтымында, Жолдо жүрүү эрежелеринин айып пулдарынын өлчөмүн ылдыйлатуу боюнча мындай талаптар Жогорку Кеңештин комитетинде айтылган.

-Өкмөт Курсан Асанов башында турган жарандык активисттердин катышуусунда комиссия түзгөн. Бул комиссиянын ишинин натыйжасында Өкмөткө ЖЖЭ айып пулдарынын өлчөмүн ылдыйлатуу боюнча сунуштар жиберилген. Мына алгачкы натыйжалар! Айып пулдарынын өлчөмүн ылдыйлатуу бюнча кийинки кадамдарды күтөбүз", - деп жазган активист.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД