ИИМдин башчысы Кой-Ташта жаракат алган С. Курманкуловго медаль тапшырды

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Чүй ОИИБдин башчысы Самат Курманкуловго "Эрдик" медалын тапшырды. Бул тууралуу журналист Мирбек Молдакунов социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Бул сыйлык Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Самат Бактыгулович Курманкуловго коомдук коопсуздукту сактоону камсыз кылууга кошкон салымы, ошондой эле кызматтык милдеттерин жоопкерчиликтүү аткаргандыгы үчүн ыйгарылган.

Самат Курманкулов 7-августта Кой-Таштан баш мээсинен жаракат алган. Бишкек шаардык травматология жана ортопедиялык илимий изилдөө борборунан ага эки жолу операция жасалган. Кийин аны Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургия борборуна которуу чечими кабыл алынган.12-сентябрда Чүй ОИИБдин башчысы Самат Курманкулов Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургия борборунан реабилитациялык борборго которулган.

Молдакунов соцтармактардагы жаыялаган фотосүрөттөрдө Самат Курманкуловго Москвадагы ооруканада КР ИИМ өкүлдөрү жана Кыргызстандын Россиядагы толук жана ыйгарымдуу элчиси Аликбек Жекшенкулов баргандыгы көрүнүп турат. Алар ошондой эле медициналык мекеменин жетекчилери менен да жолугушкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД