Япония курама командасынын футболчулары Бишкекке келишти

Бүгүн, 11-ноябрга караган түнү Бишкек шаарына Япониянын футбол боюнча курама командасы учуп келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришти.

Чартердик каттам Индиянын Дели шаарынан учуп чыккан. Бул каттам менен машыктыруучулар жана медициналык штаб, административдик персонал жана футболчулар келишти.

Ошондой эле Япониянын футбол боюнча курама командасы бүгүн, 11-ноябрда Бишкектеги "Дордой" спорт комплексинде бир жарым сааттык биринчи машыгуусун өткөрөт. Машыгуу саат 15:30да башталат.

Эске салсак, 2022-жылы боло турган дүйнөлүк чемпионатка тандоо турунун алкагында 14-ноябрда Кыргызстан менен Япониянын футболчулары беттешмекчи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД