Бишкектеги "Антошка" кафесинин ижарачысын үй камагына коё беришти

Бишкектеги "Антошка" кафесинин ижарачысын үй камагына коё беришти. Мындай чечимди ишемби күнү, 9-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту кабыл алган. Бул тууралуу VB.KG редакциясына Бишкек шаардык ИИББдан билдиришти.

Эске салсак, 8-ноябрда шаардын Чүй проспектиси жана Эркиндик сейил багынын кесилишинде жайгашкан "Антошка" тез тамактануучу жайында жарылуу болуп, өрт чыккан. Анда 14 адам ар кандай жаракат алып, кафенин 20 жаштагы кызматкери каза болду.

Ошол эле күнү Бишкек шаардык ИИББ кызматкерлери тарабынан кафенин ижарачысы кармалган. "Өрт коопсуздугу боюнча эрежелердин бузулушу" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД