Кой-Таштагы аскер бөлүгүндө офицердин жансыз денеси табылды

Кой-Таштагы 73809-аскер бөлүгүнүн жатаканасында офицердин асылып турган жансыз денеси табылды. Бул маалыматты КР Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, С.Т. аттуу майордун денесин 10-ноябрь күнү эртең мененки саат 08:00 чамасында көрүшкөн. Ал ошол аскер бөлүгүнүн жатаканасында жашап жаткан.

Учурда КР Куралдуу күчтөрүнүн башчылыгы тарабынан бул факт боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жана бул окуя боюнча Аскер прокуратурасына кабар берилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД