Депутат: Алмазбек Атамбаев Жээнбековдорду кечирүүгө даяр

Үстүбүздөгү жылдын 4-ноябрында Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова жана Альфия Самигуллина мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен УКМКнын абагында жолугушту. Бул тууралуу Ирина Карамушкина Facebookтагы өз баракчасында маалымдады.

Анын билдирүүсүндө, Алмазбек Атамбаев көп убакытын китеп окуу менен өткөрүүдө.

-Ал классиканы, анын ичинен орус жазуучуларынын китептерин окууну улантууда. Андан тышкары спорт залга барып машыгып турат экен. Убактылуу кармоочу жайдагы балдар жөнүндө да сүйлөштүк. Балдардын эч күнөөсү жок, алар экс-президентти бийликтин мыйзамсыз иштеринен коргоого чыгышкан. Эгер анын күнөөсүн далилдешсе, түрмөдө баары үчүн өзү олтурууга макул. Бирок, башка балдарды чыгарыш керек, - дейт Карамушкина.

Депутат белгилегендей, Алмазбек Атамбаев баардык кыргызстандыктарга, анын ичинен "апрелчилерге" колдоосун билдирет.

-Ал Жараткандан ар бир үй бүлөгө ден соолук жана бакыбат турмуш, элибизди, өлкөбүздү прогрессивдүү келечекке алып баруучу жол көрсөтүүнү суранды. Алмазбек Атамбаев сөзүнүн аягында Жээнбековдорду кечирүүгө даярмын деген оюн билдирди, - деп жыйынтыктады Ирина Карамушкина.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД