Ысык-Көлдө чоң атасынын унаасын уурдап качкан өспүрүм кармалды

Ысык-Көл облусунда автоунааны уурдап, айдап качкан эки фактынын бети ачылды. Бул тууралуу 5-ноябрда ОИИБдин басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди.

Маалыматка караганда, Каракол ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө эки тургун кайрылып, белгисиз адамдар унааларын уурдап, качып кетишкенин билдиришкен.

Жабырлануучу С.Днын айтымында, белгисиз адамдар "Ниссан Террано" үлгүсүндөгү унаасын Кыдыр-Аке көчөсүндө турган жеринен айдап кетишкен. М.Ш. аттуу экинчи жабырлануучу түнкү саат 02:00-03:00. чамасында белгисиз адамдар Орозбеков көчөсүндөгү гаражда турган "Ауди-80" үлгүсүндөгү унаасын айдап кетишкенин айткан.

Эки факт тең Каракол ШИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ысык-Көл облустук ИИБ жана ЖКККБ кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иштеринин алкагындагы "Ууру" жана "Автоунаа издөө" рейдинин жүрүшүндө уурдалган унаалар табылган. "Ниссан Террано" унаасы Ак-Суу районунун Теплоключенка айылындагы талаадан, ал эми "Ауди 80" үлгүсүндөгү унаа Каракол шаарынын четинен табылды.

Тергөө-издөө иштеринин жүрүшүндө "Ниссан Террано" унаасын айдап качкан Каракол шаарынын 25 жаштагы тургуну Ж. Артур, ал эми "Ауди" унаасын айдап качкан Караколдун 17 жаштагы тургуну Ш. Максим кармалды. Максим жабырлануучунун небереси болгон.

Учурда бул фактылар боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД