Бишкекте күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз сатуу улантылууда (даректери)

Жакында өлкөбүздө нефти продуктыларынын айрым түрлөрүн Кыргызстандын аймагына киргизүүгө убактылуу тыйуу салынган. Өкмөт мына ушундай жол менен күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүүнү пландаштырууда.

Расмий маалымат боюнча, 2019-жылы январь – июнь айлары ичинде уруксат берүүчү документтери жок 5 777 тонна нефти продуктылары киргизилген.

Бирок нефти продуктыларынын айрым түрлөрүн киргизүүгө жана бензин менен дизелдик майды сатууга тыйуу салынганына жана шаар ичинде Финансы полициясынын жүргүзгөн рейддерине карабастан, борбордо күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз сатуу мурдагыдай эле жүргүзүлүп келүүдө. Буга далил катары бир жолу шаарды аралап жүрүү учурунда, жол боюнда күйүүчү-майлоочу майдын сатылып жаткандыгын байкоого болот. Анын үстүнө сатуучулар мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн жашырынуу тууралуу ойлоп да коюшпайт.

Мына ушундай көйгөйдү кандайдыр-бир жол менен чечүү үчүн, Финансы полициясы мыйзамсыз түрдө күйүүчү-майлоочу майды сатуучу жайлар боюнча жарандардан маалымат кабыл алына тургандыгы тууралуу билдирүү тараткан. Ошол билдирүүдөн кийин жарандар VB.KG редакциясына мындай жайлардын дареги көрсөтүлгөн видео материалдарды жибере башташты.

Кыргызстандыктардын билдирүүсү боюнча күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз сатуучу жайлардын даректери:

-Муромская – Ахунбаев көчөлөрүнөн баштап, Барпы Алыкулов көчөсүнө чейин;

-Киргизская көчөсү үй № 39;

-Элебесов көчөсү үй № 32;

-Кара-Арча конушу, "Селекция" айылы, 4-шаардык ооруканага бараткан жолдо.

Бул даректерде күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз сатуучу жайлар боюнча келип түшкөн сигналдарды Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы кабыл алып жана эң башкысы адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна кооптуу контрабандалык бензин жана дизелдик майды сатууга бөгөт коёт деген ишеничтебиз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД