Кочкордун Көк-Жар айылында чемпиондор тарбияланууда

Нарын облусундагы Кочкор районунун Көк-Жар айылында бир нече спорт объектилери курулган. Мындай көрүнүш борбордогу балдардын түшүнө да кирбесе керек. Спорттук комплекске балдар аянтчасы, волейбол, күрөш жана машыгуу залдары, роллердром жана мини-футбол аянтчалары кирет.

Журналисттер айылга барган кезде, роликтерди да алып келишкен экен, дароо эле: кичүүсү да, улуусу да "муз тебүүгө" чыгышты. Бул убакта күрөш жана бодибилдинг боюнча машыгуулар өтүп жаткан экен.

Мунун баардыгы 2017-жылы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн USAID долбоору боюнча кызматташуусунун натыйжасында мүмкүн болуп отурат. Айылда адегенде көйгөйлүү маселелерди аныктап, анан ошону чечүүнү сунушташты. Жергиликтүү тургундар балдар жана жаштар үчүн спорт секциясын уюштурууну тандашкан.

Коомдук угууларды өткөрүшкөндөн кийин, Баатаев атындагы спорт комплексти оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүнү чечишти. Бул үчүн айыл өкмөтү грант алуу үчүн билдирме жазды. Мунун баарынын эсеби чыгарылып, коомдук угууларга алып чыгып, андан кийин айыл өкмөтү бекитип берди. Андан кийин конкурс өткөрүлүп жана кызмат көрсөтүүчүнү тандап алышты. Спорт имараты конкурста жеңип алган жеке ишкерге ижарага берилди.

Бүгүнкү күндө эркин күрөш спорт секциясында 7 жаштан 16 жашка чейинки 80 бала, анын ичинен 12 кыз машыгышат. Машыктыруучуну да түзүк тандашыптыр, ал балдарды машыктыруу жөнүндө өмүр бою кыялданып келген болуп чыкты. Жетишкендиктер жөнүндө анын тарбиялануууларынын спорттук ийгиликтери айтып турат. Японияда өткөн Азиянын биринчилигинде бул спорткомплекстин тарбиялануучусу Күмүшай Жоодарбекова 3-орунду ээлеп кайтты. Казакстанда өткөрүлгөн эл аралык турнирде эки кыз байгелүү 2-3- орундарды жеңип алышты. Райондун алкагында өткөрүлгөн мелдештерде 13 бала байгелүү орундарга жетишти.

Маалымат үчүн: Көк-Жар айыл өкмөтүндө 500 үй бүлө жашайт. Спорт ийримдери 2018-жылдын 5-октябрынан бери иштеп келе жатат. Машыгуу залына айына 300 сом, күрөш секциясына – 1 адам 85 сом, мини-футбол аянтчасына – саатына 2 сом төлөнөт. Кызмат көрсөтүү акысы айыл өкмөтүнүн буйругу менен бекитилген.

Кочкор районундагы USAID долбоорунун өкүлү Тынчтыкбек Төлөмүшов белгилегендей, мындай маселелерди чечүү, айыл аймактарынын ишмердик сапатына байланыштуу болот. Өз кезегинде айыл өкмөт башчысы бул долбоордо жергиликтүү тургундардын жана эмгек мигранттарынын да салымы бар экендигин айтып берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД