Экс-депутат: 9% босого чеги кеп эмес! Бул үчүн болгону 135 миң добуш керек

Жогорку Кеңешке өтүү үчүн 9 пайыздык босого чегин ылдыйлатуу боюнча талашып-тартышууга эч кандай негиз жок. Анткени сөз партиялар үчүн олуттуу цифраны жаратпаган 135 миң шайлоочунун добушун алуу жөнүндө жүрүп жатат. Бул тууралуу VB.KG редакциясына экс-депутат Бакыт Керимбеков билдирди.

Анын айтымында, муну жөнөкөй эле арифметика эсеби менен далилдесе болот.

-Мурда, мен депутат болуп турган кезде, отчет шйлоочулардын тизмеси аркылуу берилчү. Бүгүнкү күндө мындай норма жок. Азыр отчет шайлоого добуш бергендердин саны боюнча алынат. Бизде баардыгы 3 млн шайлоочулар катталган, 9% эски эреже боюнча 270 миң шайлоочуну түзмөк. Бирок бүгүн отчет шайлоодо добуш бергендердин саны менен алынгандыктан, шайлоого тизмедеги шайлоочулардын жарымы эле келерин эске алганыбызда, башка цифра чыгат. Тактап айтканда 1,5 млн шайлоочунун 9% болгону 135 миң шайлоочуну түзүп калат. Бул сумма партиялар үчүн кеп эмес! Азыр акчанын жардамы менен мындан да көп добушту сатып алууга болот, - деди Керимбеков.

Элдик депутаттар баардык мыйзамдарды өздөрү үчүн жазып алышкан, ошондуктан аларды 9 цифрасы эч тынчсыздандырбайт, деген ишеничте экс-депутат.

-Мурда бизде 50% деген барьер бар эле, ага ылайык шайлоого шайлоочулардын жарымы келбей плюс 1 добуш, анда шайлоо өтпөй калды деп эсептелчү. Бүгүн андай норма жок, канча эл келсе да шайлоо өттү болуп эсептелет, - деп кошумчалады ал.

Эске салсак, Жогорку Кеңешке өтүш үчүн 7% босого чекти 9 % көтөрүп өзгөртүү 2017-жылы кабыл алынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД