Бишкекте Баткен окуяларынын аскерлерин эскерүү иш-чаралары өткөрүлдү

Борбор шаарыбыздын ар бир районунда 1999-2000-жылдары Баткен окуялары учурунда, Кыргызстандын аймагынын бүтүндүгүн коргоодо курман болгон аскерлерди эскерүү иш-чаралары өткөрүлдү.

Акцияда курман болгон аскерлердин үй бүлө мүчөлөрү, Баткен окуяларынын катышуучулары, № 64, № 25 жана № 24 орто мектептеринин окуучулары, башкыштабдын жана райадминистрациялардын жетекчилери катышты.

Мэриянын басма сөз кызматы белгилегендей, Баткен окуяларына катышкан аскерлерге Бишкек шаарынын почта бөлүмдөрү аркылуу жашаган жеринин дарегине бир жолку матералдык жардам: курман болгон аскерлердин ата-энесине жана майып болгондорго 5 миң сом жана Баткен окуясынын катышуучуларына 2 миң сом жардам жөнөтүлдү.

Бүгүнкү күнү Октябрь районунун социалдык өнүктүрүү Башкармалыгынын эсебинде 49 катышуучу, анын ичинен курман болгон аскердин үй бүлөсү, Биринчи май районунда 56 катышуучу, анын ичинен 3 инвалид жашайт, Свердлов районунун эсебинде Баикен окуяларынын 37 катышуучусу, анын ичинен 1 инвалид жана 1 курман болгон аскердин үй бүлөсү, ал эми Ленин районунда 50 катышуучу, анын ичинен 3 курман болгон аскердин үй бүлөсү катталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД