ММУ филиалынын Ош шаарындагы курулушу бир ай ичинде башталат

Кыргызстандагы ММУ филиалынын имаратынын курулушу бир ай ичинде башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билим берүү министри Каныбек Исаков Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолугушуп, эки өлкөнүн кызматташтыгы жана билим берүү тармагындагы маселелерди талкуулашты.

Жолугушуу учурунда ошондой эле Москва Мамлекеттик Университетинин филиалын Ош шаарында ачуу, куруу жана иштөө шарттары боюнча маселелери талкууланды. Министр ММУ филиалынын имаратын куруунун архитектуралык долбоорун көрсөттү.

Ошону менен бирге Каныбек Исаков студенттерди математика, прикладдык информатика, геология, орус тили жана адабияты боюнча окутуша тургандыгын белгиледи. Тиешелүү тармактар боюнча сабактарды М. Ломоносов атындагы ММУнун окутуучулары жана адистери беришет.

Николай Удовиченко өз кезегинде кыргызстандык студенттерди өлкөбүзгө керектүү адистиктер боюнча Россияда окуусу үчүн квотаны жаңылантуу зарылдыгын белгиледи.

Билим берүү жана илим министрилигинин басма сөз кызматы эске салгандай, Кыргызстанда ММУ филиалын ачуу чечими үстүбүздөгү жылы жаз айында КР жана РФ ректорлорунун Форуму алкагында кабыл алынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД