Пенсионердин жоголгон карточкасына байланышкан окуя

Биздин редакцияга пенсионер Юрий Осокин кайрылып, пенсияны кайта эсептөөдөн кийин, почта бөлүмүндө анын карточкасын жоготуп жиберишкендигине тынчсызданып жаткандыгын билдирди. Эми карточкасы жок ал пенсиясын кантип алат?

Белгилей кетсек, ардагер Осокин редакцияга өткөн жуманын аягында эле кайрылып, график боюнча пенсияны 23-октябрда "Асанбай" кичирайонунун № 49 почта бөлүмүнөн алаарын түшүндүргөн. Айтымында, пенсияны кээде мөөнөтүнөн мурда берип калган учурлар да кездешет. Ал ушул айда Октябрь районунун Соцфондуна кайрылганында, пенсияны кайта эсептөө аяктады жана карточканы почта бөлүмүнө жөнөттүк деп ишендиришкен. Бирок почта бөлүмүндө карточка жок болуп чыкты. Ошондуктан ал бизге кайрылып, карточка белгиленген мөөнөттө почтага жетпей жана табылбай калса эмне кылам деп тынчсызданып жаткандыгын билдирди.

-Карточка кайда калганын түшүнбөй жатам. Эми акчаны кантип алам? – деп тынчсызданды чоң ата. –Мен ошол акча менен жан сактап жүрбөймүнбү. Жакында батирдин эсептерин төлөшүм керек, эч бир карызым да жок болчу.

"Вечерканын" кабарчысы адегенде "Кыргыз почтасы" мекемесинин басма сөз кызматына кайрылганында, ал жерде бул абалды иликтеп көрүшүп, Юрий Анатольевичтин карточкасы чынында эле № 49 почта бөлүмүнө түшө элек экен деп жооп беришти. Муну 21-октябрда, дүйшөмбү күнү, пенсияны берүү күнүнө эки күн калганда аныкташкан. Улгайып калган адамдын тынчсыздануусун да түшүнсө болот. Ошол эле дүйшөмбү күнү почтанын кызматкерлери Октябрь районунун Соцфонду менен байланышкан жана "Кыргыз почтасы" мекемесинин кызматкерлеринин ишендиргенине караганда, кайта эсептөөлөр жүргүзүлүп бүткөндүгүнө карабастан, карточканы почтага жөнөтүшө элек болуп чыкты. Ал эми карточкасы жок пенсияны берүү такыр мүмкүн эместиги айтпаса да түшүнүктүү эмеспи.

Жыйынтыгында карточканы тезинен ошол эле күнү кечинде почтага жөнөтүшүп, Юрий Осокинге телефон чалышып, акчасын алып кетүүсүн билдиришкен.

Биз кече күнү окурманыбыз менен байланышканыбызда, ал кечинде почтага чакырышып, акчаны беришкенин тастыктады. Чоң ата ыраазы болуп, эми коммуналдык төлөмдөрдү өз убагында төлөп бере ала тургандыгын айтты.

Мына ушуну менен бул окуя аяктап, чоң ата да пенсиясын мөөнөтүнөн мурда алганы менен, редакциядан телефон чалынгандан кийин гана почта бөлүмүндө да жана Соцфонддо да карточканын жоголгону эстерине түшүп, анан издей башташты. Эгер чоң ата тынчсызданбаганында, ал бүгүн да почтага келип, акчасын ала албай калмак: аны кайрадан эле бул жумуш бөлмөсүнөн тигил бөлмөгө жиберишип, башка күнү келиңиз, тынчсызданбаңыз, ушул айда сөзсүз акчаңызды аласыз деп жүрө беришмек окшойт, деген ойдо калдык.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД