Арстан Алайдын тарапташтары: Бизге да кылмыш ишин козгогула

Арстан Алайдын (Арстан Абдылдаев) тарапташтары пресс-конференция өткөрүшүп, милицияга барып, аларга дагы кылмыш ишин козгоо суранычы менен кайрылыша тургандыгын билдиришти.

-Биз -Кудайбыз, анда бизге дагы кылмыш ишин козгосун. Эгерде андай кыла албаса, анда буга чейин кылмыш ишин козгогондорго карата кылмыш иши козголсун. Биз өз сөзүбүзгө жооп берүүгө даярбыз. Теңирчиликти дин катары каттоого алынышын талап кылабыз", -деди врач-кардиолог Рано Арапова.

Эртең Арстан Алайдын тарапташтары Бишкектин Биринчи май РИИБга барып, аларга да кылмыш ишин козгоону суроого ниеттенишүүдө.. Эгерде жоопко тартышпаса, Арстан Алайга карата кылмыш ишин токтотууну талап кылышаарын билдиришүүдө.

Эске салсак, Арстан Алай пресс-конференция өткөрүп, өзүн Кудаймын деп жарыялаган. Милиция ага карата КР Жазык кдексинин 313-беренеси "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу" боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган.

Арстан Алай Кыргызстандын президенттигине эки жолу талапкерлигин койгон, бирок, ал кыргызстандыктарга "Зима не будет" деген билдирүүсү менен белгилүү болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД