Эдуард Хегай: "Вечеркага" жарнама берүү жакшы натыйжа алып келүүдө

Биздин жаңы жарнамалык – reklama.vb.kg платформабызды натыйжалуу колдонуп жаткан ишкерлер жөнүндө баяндообузду улантабыз.

"Вечерний Бишкек" басылмасына мейман катары Эдуард ХЕГАЙ – ITF таэквондо Ассоциациясынын президенти келди. Ал көптөгөн чемпиондордун машыктыруучусу жана биздин гезиттин туруктуу жарнама берүүчүсү болуп саналат.

Эдуард Хэгайдын ысмы жалпыбызга белгилүү, спорт чөйрөсүндө аны чемпиондордун машыктыруучусу катары жакшы билишет. Анын алты тарбиялануучусу эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү болгон, бирок, ал өзү да чеберчилигин жогорулатып турат. 2013-жылы Эдуард Хэгай Казакстанда алтынчы дан алуу үчүн экзаменди ийгиликтүү тапшырып, ITF таэквондосунда мындай деңгээлге жетишкен биринчи кыргызстандык болуп калды. Кыргызстандын жана Казакстандын таэквондочулары үчүн аттестациялык семинарды жана мастер-классты жогорку – тогузунчу даны бар гранд-мастерлер Ким Лан Унг менен Хектор Гектар Марано өткөрүшкөн.

-Сиздин ассоциация өлкөдөгү эң ири уюмдардын бири болуп эсептелет. Азыр республиканын баардык облустарында таэквондо менен машыгышат. Бул спорттун түрүндө башка жеке таймаштарда кезикпеген эмне айырмачылыгы бар?

-Таэквондо – машыгуунун жана куралы жок коргонуу техникасынын синергиясы. "Таэквондо" үч сөздөн түзүлүп: "таэ" – бут, "квон" – муштум (кол), "до" – искусство, образдап айтканда "Кол менен буттун жолу" деген маанини түшүндүрөт. Бул кореялык машыгуу искусствосунун пайда болгонуна эки миң жылдан ашып калды.

-Интернетте Сиздин ассоциациянын курама командасы – дүйнөдөгү алдыңкылардын катарына кирет деген маалымат бар. Мындай ийгиликке кантип жетиштиңиз?

-Биздин ассоциациянын башка спорттук уюмдардан бир айырмачылыгы, биз ар дайым республиканын ичинде мелдештерди жылына 12 жолудан өткөрүп турганыбызда. Ушуну менен бирге "жарандык" спортчулар менен гана эмес, аскер кызматкерлери арасында да өткөрүүдөбүз. Мындай мелдештер спортчулардын машыгуусун жакшыртуу жана тажрыйбасын арттыруу үчүн маанилүү. Бирок эң башкысы – биз балдарды 3-4 жашынан тарта машыктыра баштаганыбызда болушу мүмкүн.

-Мындай кичинекей балдар үчүн бул кооптуу эмеспи?

-Бизде Таэквондо Kids багыты бар, бул кичинекей баланын спорттун ушул түрүн жактырып калуусуна багытталган машыгуу системасы. Анда баардыгы оюн формасында жүрүп, балдарды коопсуз жашоого машыктырат жана ага таэквондонун базалык техникасынын 17% гана киргизилген. Бул экиден болуп иштөө эмес, блок, муштоо техника элементтерин үйрөнүү болуп саналат. Бизде балдар жумасына бир жолу келип, түзүлгөн коркунучтун деңгэээлине туура баа берип, чечим кабыл алуу жана аракеттенүү боюнча машыгышат. Мисалы, биз ар бири бала менен кинднепингди (балдарды уурдоо) алды-алуу боюнча практикалык сабак өткөрүп, мындай окуя болгон учурда анын өмүрүн сактап калуучу көнүгүүлөрдү жасайбыз. Балдарды уурдоо мезгилиндеги абалды моделге келтирип, алардын улуу адамдар менен сүйлөшүү учурунда "жок", тиштеп же тырмап алуу, "мен бул байкени-эжени тааныбайм, жардам бергиле" деп айтууга үйрөтөбүз.

-Мунун таэквондо менен кандай байланышы бар?

-Түз байланышкан, таэквондо – бул машыгуу искусствосу гана болбостон, ой жүгүртүү жана жашоо образы болуп да саналат. Таэквондонун системасы беш жыйындынын белгисине негизделген – бул чынчылдык, тырышчаактык, токтоолук, бекемдик жана атаандашка сылык мамиле жасай билүү. Бирок мунун баарын дароо эле өздөштүрүү мүмкүн эмес. Бул жол – бала кезден, жөнөкөй кадамдарды жасоодон башталат.

-Эгерде бойго жеткен адам сиздин залга келип машыгууну чечсе, кыйналып калбайбы?

Таэквондого машыгуу системасы жеңил, ага спортчунун баардык машыгуу деңгээли көнүгүп кетет. Мисалы, бизде ардагерлердин командасы да бар, мен өзүм шаршемби, бейшемби жана жума күндөрү кечи саат 19.30да биздин ассоциацияга келген балдардын ата-энелери менен машыгууларды өткөрүп турам. Айтмакчы, мындай үй бүлөлүк машыгуу эки муундагы адамдардын спортко болгон кызыгуусун арттырып, абдан жакшы натыйжаларды берет.

-Бирок мындай үй бүлөлүк спортко көңүл бөлүүгө жөнөкөй шаардыктардын мүмкүнчүлүгү жетеби?

-Менин оюмча, мүмкүнчүлүк жетсе керек, анын үстүнө бизде үй бүлөлүк арзан баалар каралган. Биздин зал заманбап спорт шаймандары менен жабдылганына карабастан, кызмат көрсөтүү баалары анча кымбат эмес – жумасына үч жолу машыгуу үчүн, айына 1200 сом төлөнөт.

-Кечкисин спорт залга келип машыгуу чечимине келип, ал эми убакыттын тардыгына байланыштырып, эртең менен анын баарын "дүйшөмбүгө чейин" калтырып көнгөндөргө кандай кеңеш бере аласыз?

-Бул чечимди кабыл алуу сиздин жашооңузга, сиздин убактыңызга, сиздин жоопкерчилигиңизге байланыштуу болот. Ошондуктан кандайдыр бир шылтоолорду издөөнү токтотуп, өзүңүздү жетилтүү үчүн убакыт табуу керек. Анын үстүнө сизге ыңгайлуу вариантты да табууга болот, анткени биздин ассоциациянын спорт залы эртең мененки саат 8.00дөн кечки саат 21.00гө чейин иштейт. Эң башкысы – биринчи кадамды жасоо керек. Мына ошондон сиздин жаңы ЖОЛУҢУЗ башталат.

-Биздин туруктуу жарнама берүүчү катары, сиз жазма жарнамадан кандай натыйжа күтөсүз жана спорт багытын өнүктүрүүдө бул маркетинг инструменти канчалык ыңгайлуу деген ойдосуз?

-Жазма жарнама – бул кыска жаңылык. Бул инструмент универсалдуу деп эсептейм. Мен спортчумун, мага жакшы натыйжа керек. "Вечеркага" жарнама бергенимдин бир эле жөнөкөй себеби бар – анткени ал иштейт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД