Асылбек Жээнбековдун сотко чейинки өндүрүш ишин Аскер прокуратурасы карайт

Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековго карата сотко чейинки өндүрүш ишин Аскер прокуратурасы карайт.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 22-октябрда КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбековдун Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбековду жоопкерчиликке тартуу тууралуу кайрылуусу Аскер прокуратурасынын кароосуна жиберилди.

Эске салсак, 21-октябрда мурдагы президенттин тарапташы, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбековдун интернет-кайрылуусу Башкы прокуратурага келип түшкөн. Анын пикиринде, Асылбек Жээнбеков "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Шалаакылык" беренелери боюнча жоопкерчиликке тартылууга тийиш. Бишкек ЖЭБ боюнча келишимди ратификациялоону жөнгө салуучу мыйзам парламент тарабынан минимум 1,5 айдын ичинде кабыл алынышы керек болчу. Бул убакыт аралыгында депутаттар каталарды таап, аларды оңдошу керек эле. Бирок, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун чечими менен Жогорку Кеңеш мыйзамды бир күндө кабыл алган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД