Борис Подкорытов: ""Дордой" үчүн чемпионаттын аягы оор болот"

Белгилүү болгондой, өткөн дем алыш күндөрү өлкөнүн биринчилигинде премьер-лиганын 23-туру өткөрүлдү. Турдун негизги оюну катары бишкектик "Дордой" жана "Алга" командаларынын ортосундагы беттешүүсү болду. Оюн абдан курч абалда өтүп, 2:0 эсебинде "Дордойдун" пайдасына аяктады. Ошентип, өлкөнүн чемпиону "Дордой" 57 упай топтоп, экинчи орунда келаткан оштун "Алай" командасынан төрт очкого алга озду. Ал эми "Алга" командасы тескерисинче, турнирдик абалын начарлатып алды. Ал үчүнчү орундан төртүнчүгө жылып, 38 упай менен, Кочкор-Атанын "Нефтчи" командасынан эки очкого артта калды.

"Дордой" футбол клубунун (Бишкек) директору, Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Борис Подкорытов VB.KG редакциясына билдиргендей, алдыда дагы күчтүү командалар менен төрт оюн күтүлүүдө, андан тышкары Жалал-Абаддын "Нефтчи" командасы менен да өлкөнүн Кубогу үчүн финалдык беттешүү бар.

-Команданын негизги курамынын жети оюнчусу жаракат алып, көпкө чейин оюнга катыша албай жатканы да абалды оорлотуп салды, - деп сөзүн улантты Борис Подкорытов. –Биздин оюнчулардын өлкөнүн курама командасынын Мьянма жана Монголия командалары менен болгон оюндарына катышып, көп энергиясын жумшап жаткандыгын да унутта калтырбоо керек. Алдыда дагы Япония жана Тажикстан командалары менен беттешүүлөр күтүлүүдө. Ошондуктан футболчулар моралдык эмес – эркинин күчтүүлүгү аркасында ойношууда. Бирок аларды -азаматтар деп гана айткым келет. Азыр команда Кыргызстандын биринчилигин экинчи жылы катары менен утуп алууга умтулууда".


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД