Депутат Жогорку Кеңештин иштөө мөөнөтүн кыскартууну сунуштады

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин иштөө мөөнөтүн беш жылдан үч же төрт жылга чейин кыскартуу керек. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда депутат Бакыт Төрөбаев "Марал" радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимди 2020-жылы Жогорку Кеңештин иштөө мөөнөтү боюнча Конституцияга өзгөртүү киргизүү менен кабыл алууга болот.

-Парламент сапаттуу иштеген күндө да, эл 2-3 жылда депутаттардан тажап калууда - деп белгиледи Төрөбаев.

Андан тышкары 2020-жылда боло турган шайлоо жөнүндө журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңешке төрт партия кайрадан өтө тургандыгын жоромолдоду. Келерки чакырылыштын азыркыдан жакшы болушу үчүн, партиялар биригип жана чыныгы профессионалдарды тандоосу керек, деп эсептейт ал.

Эске салсак, БШК бекиткен графигине ылайык, парламентке кезектеги шайлоо 2020-жылы 4-октябрда өткөрүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД