Сооронбай Жээнбеков Япониянын императорунун такка отуруу аземине катышты

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Японияга иш сапарынын алкагында Япониянын императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Такка отургузуу аземи Токио шаарындагы император сарайында болуп өттү, анын жүрүшүндө Нарухито сарайдын башкы залында императордук такка отурду, императордук наамы жана кызмат кылууга антын расмий кабыл алуу жарыяланды.

Иш чарага мамлекеттер башчылары, түрдүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, дүйнөнүн 195 өлкөсүнүн дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү катышты.

Японияда белгилешкендей, бул өткөрүлгөн иш чара Япониядагы императорду такка отургузуу эң ири аземи болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД