Чемпиондор окуу жайын жаңыртууга 48 млн сом бөлүнүп берилди

Мамлекет тарабынан Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжине (мурдагы Республикалык олимпиадалык резерв училищасы) капиталдык ремонт өткөрүү үчүн 48 млн сом бөлүнүп берилди.

Бул акча каражатына кыска мөөнөттүн ичинде (үч ай) эркин жана грек-рим күрөш, бокс, оор атлетика залдарында, окуу имаратынын залы жана окуучулардын жатаканасында ремонт иштери жүргүзүлдү. Андан тышкары компьютерлер, интерактивдүү доскалар, күнүмдүк жана спорт кийимдери, эмеректер ж.б.у.с. буюмдар сатылып алынды. Келерки жылдан баштап колледждин ар бир окуучусунун күнүмдүк тамактануусу үчүн мурдагыдай 213 сом эмес, 326 сом сарпталмакчы.

Колледждин директору Кадырбек Эргешов VB.KG редакциясына билдиргендей, бул окуу жайына экзамен тапшырбай кабыл алынуу укугуна үстүтбүздөгү жылы Жалал-Абад шарында өткөрүлүүчү "Келечек" республикалык өспүрүмдөр олимпиадасынын жеңүүчүлөрү ээ болушат. Жаштар саясаты, физкультура жана спорт Мамлекеттик агентствосунун директору белгилегендей, азыркы убакта өкмөттө колледждин аймагында оор атлетика жана эр-таймаш боюнча машыгуу залдарын куруу үчүн кошумча 40 млн сом бөлүп берүү маселеси каралууда.

Мындан тышкары аттестациядан өтпөй калган машыктыруучулардын ордуна, чемпиондорду тарбиялоону иши менен далилдей алган жаңы устаттар жумушка алынды. Алардын арасында Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу, өз убагында белгилүү боксчу – Алмаз Раимкуловду тарбиялаган Кален Асанов да бар.

-Мен биздин колледж кыска убакыттын ичинде чыныгы чемпиондорду тарбиялап чыгарган окуу жайына айланса деп кыялданам, - деди Кадырбек Эргешов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД