Россиянын элчиси Бишкектеги романстар конкурсунун жеңүүчүлөрүн куттуктады

Россия Федерациясынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарымдуу элчиси Николай Удовиченко Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында орус романстарынын "Орто Азиялык Романсиада" эл аралык конкурсунун жеңүүчүлөрүн куттуктады.

Жеңүүчүлөрдү Кыргыз Республикасынын маданият министри Азамат Жаманкулов, Кыргызстандагы Роскызматташтык өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары Екатерина Ерёмина, конкурстун калыстар тобунун мүчөсү, СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева, "Романсиада" москвалык эл аралык конкурсунун жетекчиси, Россиянын искусствосуна эмгек сиңирген ишмери, Россиянын эмгек сиңирген артисткасы Галина Преображенская, "Романсиада" москвалык эл аралык конкурсунун лауреаты Евгений Южин, Павел Иванов жана Береке Енкебаева, Өзбекстандын эл артисти Аваз Раджабов жана "Гармония" орус маданий борборунун президенти Александр Степанюк куттукташты.

Чыгармачылык атаандаштыкка Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын жетимиштен ашык аткаруучулары чогулду.

Конкурстун гран-при сыйлыгына К. Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясынын V курсунун студенти, декабрь айында Москва эл аралык "Романсиадасында" Кыргызстандын атынан ырдай турган Миран Жанарбай уулу татыктуу болду.

Бул конкурс тууралуу толугу менен 22-октябрда басып чыгарылган "Вечерний Бишкек" гезитинен окугула.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД