Мамлекеттик тилди билбегендиги үчүн мугалимдер жумуштан бошотулбайт

Кыргызстанда мугалимдер мамлекеттик тилди билбегендиги үчүн жумуштан бошотулбайт. Бул тууралуу VB.KG редакциясына Билим берүү жана илим министрилигинен билдиришти.

Министрликтин маалыматы боюнча, мектеп мугалимдери мамлекеттик тил боюнча тест тапшырышпайт.

-Мындай талап мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге гана коюлган, - деп түшүндүрүштү Билим берүү министрлигинен.

Эске салсак, мурда VB.KG редакциясына мугалимдер тобу кайрылып, мамлекеттик тилди билбегендиги үчүн 2020-жылда мектептеги жумуштан бошотуп жибериши мүмкүнбү деп чочулап жатышканын билдиришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД