Кыргыз тилин билбеген орус мугалимдери жумуштан бошотулушу мүмкүнбү?

Мугалимдер тобу VB.KG редакциясына кайрылып, мамлекеттик тилди билбегендиги үчүн 2020-жылдан баштап мектептеги жумуштан бошотуп жибериши мүмкүнбү деп чочулап жатышкандыгын билдиришти.

Айтымында, алар титулдук улуттун катарына кирбейт.

-2017-жылы биз тест тапшырганбыз, бирок, анын жыйынтыгына көңүл бурулган эмес. Азыр болсо баардык аткаминерлер жана муниципалдык кызматкерлер кыргыз тилин билиши керек деген фразалар бир нече жолу айтылды. Орто жаштан өтүп калган адамдар үчүн тилди өздөштүрүү кыйынга тургандыктан, мындай маселе коюлган учурда мектептер тажрыйбалуу адистерден айрылып калуусу мүмкүн. Анын үстүнө, бул адамдар кыргыз эмес, башка улуттагылар болуп жаткандыгына көңүл буруу керек. Кыргызстанда атайылап эле бир улуттун мамлекети курулуп жаткандай таасир калууда. Бийликтин, аткаминерлердин, парламенттегилердин арасында башка этностун өкүлдөрү жокко эсе. Мындай болсо Кыргызстанда жашап жаткан башка улуттагылардын социалдык системадагы орду кайда? – деп суроо салышат мугалимдер.

Ошондой эле алар редакциядан эмне үчүн орус тили боюнча экзамендин жок болуп жаткадыгын сурашты.

-Эгер мамлекеттик тил катары кыргыз тили боюнча тест бар болсо, эмне үчүн расмий тил катары орус тили боюнча тест өткөрүлбөйт, - деп кошумчалады алар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД