Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Японияга учуп кетти

Президент Сооронбай Жээнбеков 20-октябрда иш сапары менен Японияга учуп кетти.

Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, Сооронбай Жээнбеков Япониянын императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышат.

Ошондой эле иш сапардын алкагында Кыргызстандын президенти менен Япониянын премьер-министри Синдзо Абэнин эки тараптуу жолугушуусу пландаштырылган.

Мындан тышкары Сооронбай Жээнбеков Япониянын ири корпорацияларынын жетекчилери жана Японияда жашаган мекендештер менен жолугушат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД