Бишкектин кайсы жерлеринде айыл чарба жармаңкелери өтүүдө

Жуманын ар бир жекшемби күнү эртең мененки убакыттан баштап Бишкек шаарында кезектеги айыл чарба жармаңкелери өтүп, андагы азык-түлүктөр базар баасынан арзан болууда. Бул тууралуу борбордун мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Биринчи май районунун тургундары Скрябин жана Абай көчөлөрүнүн кесилишинде (Агрардык университеттин түштүк тарабы) соода жасай алышат.

Октябрь районунун тургундары үчүн Нуркамал Жетикашкаева атындагы көчөнүн Г.Айтиев жана А.Токомбаев кѳчѳлѳрүнүн ортосундагы бөлүгүндө жармаңке өтөт.

Свердлов районунун жашоочулары үчүн күзгү жармаңке Төрөкул Айтматов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде уюштурулат.

Ленин районунун жашоочулары азыктарды "Жал" кичирайонунун Тыналыев көчөсүндөгү "Рахат-Лукум" кафесинин жанынан соода жасай алышат.

Жармаңкелерди өткөрүү учурунда райондук администрациянын, ошондой эле укук коргоо органдарынын, ишканалардын кызматкерлери азыктардын бааларын текшерип турушат.

-Сатылган азык-түлүктөр милдеттүү түрдө санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жана шаардык " 21 ветеринардык лабораториянын көзөмөлүнөн өтүп турат. Жол коопсуздугуна ЖКККБББ кызматкерлери жооп берет, ал эми соода жүргөн жерлердин аймагында таштандыларды жыйноо "Тазалык" ишканасынын кызматкерлерине тапшырылган, - деп айтылат берилген маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД