Бишкекте айдоочу 13 жаштагы кызды жөө адамдар өтүүчү жолдо койдуруп кетти

Бишкекте айдоочу мектеп окуучусун жөө адамдар өтүүчү жолдо койдуруп кетти. Бул тууралуу VB.KG редакциясына ЖКККББ басма сөз кызматынан билдиришти.

Берилген маалымат боюнча, "Honda Stream" үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Жибек-Жолу проспекти менен батыш тарапка баратып, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдо токтобой, өтүп бараткан окуучу кызды койдуруп кеткен.

Бактыга жараша, окуучу кыз жеңил жаракат алып, ага тез жардам кызматкерлери жардам көрсөтүштү.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Унаа айып төлөөчү жайга киргизилди

Жол кырсыгы соцтармактарда жарыяланган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД