Акыйкатчы тергөө абагындагы Алмазбек Атамбаев менен кезикти

Акыйкатчы Токон Мамытов бүгүн, 18-октябрда УКМКнын тергөө абыгында жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен кезигип келди. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Акыйкатчынын аппаратынын кыскача билдирүүсүндө, мурдагы президенттин кармоо шарттарына карата эч кандай нааразычылыгы жок.

Токон Мамытов менен Алмазбек Атамбаевдин сүйлөшүүсүнүн мазмуну, ошондой эле мындай сүйлөшүү болгондугу жөнүндө жалпысынан айтылган эмес.

Эске салсак, УКМКнын атайын кызматы 7-августта Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн басып алууга аракет кылган. Бирок, операция ийгиликсиз болгон. Башаламандык маалында 45 киши жаракат алган. "Альфанын" кызматкери октон каза тапкан. Алмазбек Атамбаевге укук коргоо органдарына карата зомбулук көрсөтүү, адам өлтүрүү, барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу, жемкорлук айыбы тагылууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД