Жети-Өгүз районунун прокурорунун орун басары кармалды

УКМКнын Антикоррупцялык кызматы жана Башкы прокуратуранын өздүк коопсуздук бөлүмү тарабынан Жети-Өгүз районунун прокурорунун орун басары А.Н.К. жана уушул эле райондун тергөөчүсү Б.Э.Б. пара алууга шектелип кармалды.

Аларды кармоо иштери 16-октябрда Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында жүргүзүлгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, прокурордун орун басары А.Н.К. менен тергөөчү Б.Э.Б. зордуктоо боюнча кылмыш ишин токтотуу үчүн жергиликтүү тургун Э.Адан 100 миң сом талап кылгандыгы айтылууда.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин материалдары КР Жазык кодексинини 326-беренеси боюнча (Пара талап кылуу) Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестринде катталды.

Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД