Жалган-табып Зайналиев соцтармактарды анын ишмердигин колдоого чакырды

Жалган-табып катары белгилүү болгон Хашим Зайналиев Facebookтагы өз баракчасында Саламаттык сактоо министрилигине карата балдардын онкологиялык оорусу жөнүндө маселени көтөрүп чыккандыгы үчүн Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строковага "чын жүрөктөн чыккан ыраазычылыгын" билдирген.

Ал муну VB.KG редакциясынын "Евгения Строкова: Эмил Макимбетовдун кызматтан алынганы туура болду" макаласына жооп кылып жазган. Зайналиев белгилегендей, лейкоз менен ооруган балдарды дарылоо процессинде кандай мыйзам бузуулар болуп жатканына бийлик тарабынан көңүл бөлүнгөнү табыпчыны кубандырган.

-Балдарды дарылап жаткан баардык врачтар химиотерапиянын курсу кандай болот жана кандай аяктаарын билет. Врачтардын дарылаганына карабастан, балдар жабыр тартышууда. Химиотерапия менен дарылоонун натыйжасы кандай болуп жаткандыгына ишенбесеңер, балдар гематологиясынын архивинен карап көргүлө. Анда эмне үчүн балдарга химиялык уколдорду сайып атасыңар – эмне үчүн? Химиялык препараттан балдардын кантип кыйналып жатканын өз көзүңөр менен көрүп туруп, эмне үчүн дарылоонун башка жолдорун колдонбойсуңар. Балдарды кыйнабай эле дарылоого болот да. Балдардын өмүрүн сактап калуу үчүн эмне себептен башка жолду издебейсиңер!!! Эмне үчүн??? – деп жазган Зайналиев (маанисине карап которулду).

Ал онкологиялык ооруларды дарылоонун башка жолу жөнүндө жазып жатып, өзүнүн дарылоо методу жөнүндө айтайын десе керек. Ушуга байланыштуу ал соцтармактарга колдоо көрсөтүүнү өтүнүп кайрылган окшойт.

-Урматтуу Facebook колдонуучулары!!! Сиздер тараптан колдоону күтөм, балдардын өмүрүн сактоо үчүн мени колдоп койгула!!! Мен лейкозду химиотерапиясы жок, дары чөптөр жана башкача жол менен дарылоону билем, - деп белгилейт "табып".

Эске салсак, табып Хашим Зайналиевдин ысымы 2016-жылы өзү дарылаган пациенти каза болуп калгандан кийин белгилүү боло баштаган. Ал элди онкологиялык жана ички органдар ооруларынан айыктырам деп убада берген. Хашим Зайналиевге карата 2018-жылы кылмыш иши козголгон.

Үстүбүздөгү жылдын жаз айында сот тарабынан анын дарылоо "ишмердигине" тыйуу салынгандыктан, чет өлкөгө көчүп кеткен. Бирок, жакында анын Кыргызстанга кайтып келгендиги тууралуу маалымат пайда болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД