Батукаевдин иши боюнча Илмиянов менен Сүйүнбаев суракка чакырылышы мүмкүн

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Кубанычбек Кадыров VB.KG редакциясына, Алмазбек Атамбаев президент кезинде кримтөбөл Азиз Батукаевден 15 млн доллар алгандыгы тууралуу мурда өзү берген маалыматка түшүндүрмө берди.

Кадыровдун айтымында, бул болгону оперативдүү маалымат болуп саналат.

-Ички иштер министринин орун басары кызматын ээлеп турган кезимде, анын Батукаевден 15 млн доллар алгандыгы жөнүндө оперативдүү маалымат алгам. Анда бул сумманын 13 миллионун Атамбаев өзүнө калтырып, калгандарын башка аткаминерлер бөлүштүрүп алышкандыгы айтылган, - деди ал.

Бул жалган маалымат катары кабыл алынып калат деп коркпойсузбу?

-Бул болгону оперативдүү маалымат деп түшүндүрбөдүмбү. Оперативдүү маалымат деген эмне экендигин ИИМдин ар бир кызматкери билет. Мындай маалымат түшкөндө ИИМдин кызматкери иликтөөгө алат.

Оперативдүү маалымат деген эмне?

-Бул жеке булактардан жана агентуралык кабарлардан түшкөн маалымат. Батукаев криминалдык чөйрөдөн болгондуктан, мындай маалыматты алуу биз үчүн жеңил болчу.

Биринчи жолу бул маалыматты качан ачык айткансыз?

-Оппозициянын катарында жүргөндө, мен бул жөнүндө көп эле жолу айткам.

ИИМдин мурдагы кызматкери катары, азыр бул иш менен алектенип жаткан тергөөчүлөргө кандай кеңеш бере аласыз?

-Мен аларга бул иш боюнча Икрамжан Илмиянов менен Болот Сүйүнбаевди суракка алуу кеңешин бермекмин. Илмиянов боюнча ошол кезде эле анын Баткуаевди бошотууга тийиштиги бар экендиги тууралуу оперативдүү маалымат бар болчу. Ушуну менен бирге мен тергөөчүлөргө Илмияновдун ошол кездеги телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүн текшерүү кеңешин берем, мына ошондо кызыктуу нерселер ачыкка чыгуусу мүмкүн. Ошондой эле тергөөчүлөр бул иш боюнча Болот Сүйүнбаевди да суракка чакыруусу керек. Анткени мен КСДПнын мүчөсү жана 4-чакырылыштын депутаты болгом. Атамбаевдин жакын кишилери мени менен катышып турушкан жана ал Батукаевдин кишилеринен баалуу белектерди алгандыгын мага айтышкан. Дагы бир жолу айтам, мен кимдир-бирөөнү күнөөлөгүм келбейт, жөн гана оперативдүү маалымат менен бөлүшүп жатам жана бүгүнкү тергөөчүлөргө ишти кандай багытта жүргүзүү кеңешин бердим.

Эске салсак, ички иштер министринин мурдагы орун басары Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов 2016-жылы март айында "бийликти күч колдонуу менен басып алууга аракет жасоо" беренеси боюнча айыпталып кармалышкан.

2018-жылы 7-июнда Жогорку Соттун чыгарган чечимине ылайык, Асанов жана Кадыров ар бири 8 жылга эркинен ажыратылган.

Үстүбүздөгү жылы Кубанычбек Кадыров шарттуу-мөөнөтүнөн мурда камактан бошотулган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД