Ош шаарында 33 жаштагы эне 5 айлык баласын көчөгө таштап кеткен

Ош шаарында 33 жаштагы эне 5 айлык баласын көчөгө таштап кеткен. Бул тууралуу VB.KG редакциясына түштүк борбордун ИИБ билдиришти.

Маалымат боюнча, 15-октябрда кечки саат 20.00. чамасында милиция бөлүмүнө шаардын көчөлөрүнүн бириндеги мейманкананын жанында төшөккө оролгон 4-5 айлык баланын табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Милициянын ыкчам тобу ал жерге барып текшерүү иштерин жүргүзгөндө, ымыркайдын 2019-жылы май айында төрөлгөндүгү аныкталган. Анын апасы 1986-жылы туулган С.Г. Өзгөн районунун тургуну да табылган.

Бул аял көрсөтмө берип жатып, 5 айлык баласын жолдошуна өчөшүп таштап кеткедигин айткан.

Ымыркайдын апасы менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ош ОИИБ белгилешкендей, тергөө иши бүткөрүлгөндөн кийин, ал КР Жазык кодексинде каралган 150-беренесине (Коркунучта калтыруу) ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Учурда бул факт боюнча сотко чейинки иш жүргүзүлүп, иш Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган.

Маалымат үчүн:

КР Жазык кодексинин 150-беренеси. Коркунучта калтыруу

1. Өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч келтирген абалда болгон жана жашы жетелектиктин, карылыктын, оорунун, же алсыз абалда экендигин, эгерде күнөөлүү анын өмүрү үчүн коркунучтуу абалга калтырып, анын ичинде транспорттук жол кырсыгынын кесепетинен өзүн-өзү сактап калууга мүмкүн болбогондо, же башка себептерден улам жабырлануучуга кам көрүүгө милдеттүү болгондо жана жардам берүү мүмкүнчүлүгү болгондо, жардам бербестен, адамды билип туруп калтыруу, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына (эки жарым жылдан үч жылга чейин) же V категориядагы айып салууга (220 000 сомдон 260 000 сомго чейин), же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирген жосун, -

VI категориядагы айып салууга (260 000 сомдон 300 000 сомго чейин), же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД