Россияда кыргызстандык жаран жол инспекторуна пара бергендиги үчүн кармалды

Россия Федерациясынын Курган облусунда Кыргызстандын жаранына карата пара бергендиги боюнча кылмыш иши козголду.

ЖКККББ регионалдык башкармалыгынын маалыматы боюнча, окуя Макушинск районунда, укук коргоо органдарынын кызматкерлери "Трасса" опреациясын жүргүзүп жаткан учурда болгон. Кыргызстандын жараны башкарып бараткан "Мазда" үлгүсүндөгү автоунаасы токтотулуп, документтерин текшерүүдө, айдоочунун күбөлүгү жок болуп чыккан.

Инспектор протокол жазууга киришкенде, жүргүнчү катары бараткан, автоунаанын кожейкеси анын жанына келип, маселени "сүйлөшүү" жолу менен бүтүрүүнү сунуш кылып, 850 рубль пара берүүгө аракет кылган. Полициянын кызматкери акчаны алуудан баш тартып, нөөмөт бөлүмүнө билдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД