Активисттер Бишкектеги эстеликтердин абалын текшерип чыгышты

Бишкектин Биринчи май районунун шаардык ардагерлер кеңеши райондун аймагындагы эстеликтердин абалын текшерип чыгышты. Алар алгачкы карап чыгууда эле, Аалы Токомбаевдин эстелигинин абалы тынчсызданууну жараткандыгын айтышты – эстеликтин плиталары сынып, айрымдары такыр жоголуп калыптыр. Ал эми журналист Геннадий Павлюктун эстелигинин тактасын кимдир-бирөөлөр жулуп салууга аракет кылгандай көрүнөт.

Биринчи май районунун шаардык ардагерлер кеңешинин эстеликтерди коргоо комиссиясынын жетекчисинин орун басары Марат Кутановдун айтымында, бул эстеликтерди жанында жайгашкан мектептер, университеттер жана уюмдар өздөрү коргоого алууга тийиш.

Кыргызстандын "Биздин Жеңиш" издөө кыймылы бул акцияга кошулуп жана фейсбукта "Кыргызстандын жана Бишкектин эстеликтери" деген баракчаны ачып, эстеликтердин көрүнүшүн жана азыркы абалын чагылдырган фотосүрөттөрдү жарыялап туруу сунушу киргизилген. Эстеликтердин абалы жөнүндөгү маалыматтарды вотсап 0 555 923 603 жиберүүгө болот.

VB.KG редакциясы да бул акцияга кошулуп, эстеликтерди карап чыгуу учурунда төмөндөгүлөр аныкталды:

Ак үйгө жакын жайгашкан гүл бакчада кандай максатта коюлганы белгисиз чоң кызыл таш орнотулуптур жана анын тактасы да жулунуп салынган. Ушуну менен бирге ар кандай жазууларга толгон, балким бул ташты кайсы-бир эстеликти тургузуу үчүн алып келишкендир. Буга жакын жерде Ак үй жайгашкан, бирок, бул таш эч кимдин оюна да келбесе керек.

Панфилов дивизиясы түзүлгөн мурдагы имаратты (Киев-Эркиндик сейил багы) бузуп жатышыптыр.

Эмен сейил багында көптөгөн скульптуралык композициялар жана эки бюст орнотулган, анын бири Кыргызстандын алгачкы жетекчилеринин бири Максим Аммосовдун, экинчиси – акын Ауэзовдун урматына арналган, буларды да тазалап туруу талап кылынат.

Ушул эле жердеги сейил бактын ортосунда мурдагы эски чиркөөдөн калган имараттын шыбактар түшүп калган, ошондой болсо да мында жыл сайын көргөзмөлөр уюштурулат, дагы бир белгилеп кетчү жагдай, имараттын ремонтуна акча жок болгону менен, анын ичиндеги дүкөн иштеп жатыптыр.

Эмен сейил багында орнотулган эстеликтер жөнүндө биз эмнени билебиз? Бул тууралуу кайдан окуп же туристтерге жана шаардыктарга эмнени айтып бере алабыз? Мындай адистер деги барбы?

Панфилов көчөсүндө генерал-майор Панфиловго эстелик тургузулган, ал дагы эскирип, ар кайсы жери түшүп, кулап калчудай абалга жетип калыптыр. Бул Улуу Ата Мекендик согуштун баатырына арналган биринчи тарыхий эстелик болгондуктан, колодон куюп жасаш керектиги айтылууда.

Жалпысынан алганда, Биринчи май районунун шаардык ардагерлер кеңешинин эстеликтерди коргоо комиссиясынын жетекчисинин орун басары Марат Кутанов айткандай, Бишкектеги эстеликтер акырындап эскирип, бузулуп жана каралбай калганы байкалат, азыртадан баштап аларды коргоп, жакшылап көз салуу зарыл.

-Эгер кыргызстандыктар өздөрү эстеликтердин абалын байкабай жатышса, алардын эскирип, каралбай калганы чет өлкөдөн келген меймандардын көзүнө дароо эле урунат", - деп белгиледи ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД