2020-жылдагы эс алуу жана жумуш күндөрдүн календары

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 2020-жылга карата Кыргызстандагы жумуш жана майрам күндөрүнүн календарын жарыялады.

Майрамдык дем алуу күндөрү:

1-январь – Жаңы жыл;

7-январь - Рождество Христово (праволавдардын рождество майрамы);

23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнү;

8 – март – Эл аралык айымдар күнү;

21-март – Нооруз майрамы;

7-апрель – Элдик Апрель револциясынын күнү;

1- май – Эмгек майрамы;

5-май – Кыргыз Республикасынын Конституция күнү;

9- май – Жеңиш күнү;

31-август – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү;

7 жана 8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү.

Мусулмандардын "Орозо айт" жана "Курман айт" майрамы айдын жаңырышына жараша белгиленет.

Мындан тышкары кыргызстандыктар эмдиги жылы: 24-февралда, 9 жана 23-мартта, 11-майда, 9 жана 10-ноябрда эс алышат. Бул майрам күнү дем алыш күндөрүнө туш келгендигине байланыштуу, дем алыш күндөрү дүйшөмбү күнгө жылдырыла тургандыгы менен түшүндүрүлөт.

Майрамдардын алдындагы кыска жумуш күндөр: 6-январь, 20-март, 6-апрель, 30-апрель, 4-май, 8-май, 6-ноябрь жана 31-декабрь.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД