Кыргызстандын 2 окуу жайы Борбордук Азиядагы мыкты ЖОЖ тизмесине кирди

Британдык улуттук Quacguarelli Symonds компаниясы Борбордук Азиядагы жана Европанын өнүгүп жаткан өлкөлөрүнүн мыкты окуу жайларынын рейтингин аныктады. Ага Кыргызстандын ЖОЖдору да кирген. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тизмеге баадыгы болуп 350 жогорку окуу жайлары кирген. Кыргызстандан мыктылардын арасына эки университет – Борбордук Азиядагы америкалык университети жана Кыргыз-Түрк "Манас" университети кирди. БААУ тизмеде 163-орунду, "Манас" 190-орунду алды.

Рейтинг боюнча биринчи орунду М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети алды.

ЖОЖдор академиялык кадыр-баркы, иш берүүчүнүн имиджи, студенттер менен мугалимдердин өз ара мамилелери сыяктуу ар кандай көрсөткүчтөр боюнча бааланды.

Quacguarelli Symonds - билим берүү тармагын изилдеген компания болуп эсептелет. А. 1990-жылы Нунцио Куаквелли тарабынан уюшулган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД