Батукаевдин иши. Мурдагы судья Индира Жолдубаевага каршы көрсөтмө берди

Нарын шаардык сотунун судьясы Жапар Эрматов кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаевага каршы көрсөтмө берди. Бул тууралуу жактоочу Алия Турумбекова билдирди.

Анын айтымында, Жапар Эрматов Индира Жолдубаева президенттин аппаратында сот реформасы жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн башчысы кызматын ээлеп турганда, ага Азиз Батукаевди эгерде негиз боло турган болсо аны оорусу боюнча кое берүү тууралуу көрсөтмө бергенин билдирген.

Турумбекова ошондой эле мурдагы судьянын кайсыл абоненттик номерден чалганы жана ошол маалда кайсыл номурду пайдалангандыгы эсинде жоктугун белгиледи.

-Мен Жапар Эрматов менен Индира Жолдубаева кайсыл номурларды пайдалангандыгын аныктоо үчүн сураныч жөнөттүм. Бул байланыштар болгонбу, аныкташ керек. Тергөө органдары муну аткарышкан эмес. Ошондой эле судья Эрматов психологиялык басымга тушукканын аныкташ үчүн псигологиялык экспертизадан өткөрүү тууралуу өтүнүч жибердим. Бирок, тергөө менин суранычымды караган жок, -деди жактоочу.

Алдын ала соттук угууда жактоочу жана анын кесиптештери кылмыш ишти ачыкка чыгарууну өтүнүшкөн. Алардын айтымында, 26 томдо эч нерсе жок. А алар болсо жашыруун 27 томду жарыялабоо тууралуу макулдашууга кол коюшкан.

-Мунун баарын жашырып коюуга мүмкүн эмес. Анткени тергөөчүлөр бул иштин көчүрмөсүн алуу үчүн соода борборго ("Айчүрөк" борбордук универсалдык дүкөнү), тактап айтканда бул ишти көрүүгө укугу жок адамдарга алып барышкан. Сот отуруму ачык болушу керек, - деди Турумбекова.

Ал эми жактоочу Жолдубаева эмне үчүн тергөө менен макулдашууга кол койгон жок деген суроого мурунку башкы прокурор баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу коркутуулар болгонуна карабастан, кимдир бирөө тууралуу жаман айтуудан баш тартканын айтып жооп берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД