Соттук угуулар Мелис Калыковдун жана жактоочулардын катышуусу жок өтүүдө

Кече күнү Ош облустук сотунда Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө айыпталып жаткан Мелис Калыковдун камакта калтыруу мөнөтүнүн узартылышы боюнча, анын жактоочуларынын арызы каралды. Эске салсак, аны убактылуу жайда калтыруу мөөнөтү 7-ноябрга чейин узартылган. Бул тууралуу VB.KG редакциясына анын жактоочусу Сартбай Жайчыбеков билдирди.

Анын айтымында, кече күнү сот жыйыны мыйзам бузуулар менен өттү.

-Бизге, жактоочуларга билдирме берилбей жана биздин арыздануубуз менен өткөрүлгөн кечки соттук угууларга чакырышкан жок. Биз жактоого алган Мелис Калыковду сотко алып келишип, күтүү бөлмөсүндө кармап отурушуп, жада калса соттук жыйынга чакырышкан жок. Тактап айтканда, соттук угууларда 3 судья, прокурор жана Мамажакыповдордун жактоочусу болушту, - деп белгиледи ал.

Калыковдун тарабы Ош облустук сотунун судьяларынын мындай иши боюнча Кыргыз Республикасынын соттор Кеңешиндеги Дисциплинардык комиссиясына арызданышы мүмкүн.

-Биз бул көрүнүштү талкуулайбыз жана мындан ары кандай аракет кылуу жөнүндө ойлонобуз. Балким Кыргыз Республикасынын соттор Кеңешиндеги Дисциплинардык комиссиясына да арызданышыбыз мүмкүн, - деп кошумчалады ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД