Батукаевдин иши боюнча cоттук угуулар Алмазбек Атамбаевдин катышуусуз өтөт

Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча алдын ала угуулар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусуз өтөт. Бул тууралуу жактоочу Сергей Слесарев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, отурумдун жүрүшүндө Алмазбек Атамбаевдин алдын ала угууларга катышпаганга макулдугу жазылган. Ушунун негизинде сот ишти мурдагы президенттин катыштыгы жок эле кароону чечти.

-Сот тараптардан маалыматты таратпоо тууралуу талап кылды, бирок коргоочу тарап каршы чыкты. Анткени бул маселе мыйзамда жөнгө салынган эмес", -дейт Слесарев.

Эске салсак, Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланышкан иш боюнча 19 киши айыпталууда, алардын арасында Алмазбек Атамбаев дагы бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД